Чет өлкөгө жумушчуларды жөнөтүүгө уруксат алган компаниялардын тизмеси жарыяланды
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жарандарды чет өлкөгө жөнөтүүгө лицензия алган компаниялардын тизмесин жарыялады.
Ага ылайык, Түркия, Германия, Болгария, Словакия жана Перс булуңунун өлкөлөрүндө иштөөгө уруксат берүү, узартуу жана жокко чыгаруу боюнча арыздар каралды. Мекемелер аралык комиссия 28 компания боюнча чечим чыгарып, алардын көпчүлүгүнө бир жылдык мөөнөткө рынокко чыгууга уруксат берилди.
Түркияга жумушчуларды жөнөтүүгө төмөнкү агенттиктер уруксат алышты:
- "Камелотт";
- "Флай Джоб";
- "Прайм Тревел".
Германияга жумушка жөнөтүү:
- "Скилл Вэй Консалтинг";
- "Аслан Жобагентур 1".
"Медиа Центр" жана "ИЛЦ" агенттиктери кошумча шарттар менен лицензия алышты, алар белгиленген мөөнөт ичинде бул талаптарды аткарууга милдеттүү.
Словакияга жарандарды жөнөтүүчү:
- "Азия КейДжи Консалт";
- "Консалтинговая компания Евразия" компанияларынын колдонуудагы уруксаттары узартылды.
"Ворк Тайм Консалтинг" компаниясынын Бириккен Араб Эмираттарына, Катарга жана Кувейтке жөнөтүү боюнча уруксаты да узартылды. "Тугезе Рекрутмент" компаниясына жарандарды Хорватияга жумушка жөнөтүү үчүн лицензия берүү өтүнүчү четке кагылды.
Комиссия белгилегендей, чечимдер кыргызстандыктарды чет өлкөлөрдө ишке орноштуруу процессинин ачыктыгын камсыз кылуу жана уруксат берүүдө мыйзамдарды сактоо максатында кабыл алынууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:41
2026-02-24
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















