Болот Ибрагимов МАИчилердин айдоочулардан экзамен алууга моралдык укугу жок экенин айтты
Жогорку Кеңештин депутаты Болот Ибрагимов одоно жол эрежелерин бузган айдоочулардан экзамен алуу сунушуна азырынча каршы экенин билдирди.
Ал жол кыймылын тескөөчүлөрдүн өздөрүнөн жол белгилерин сураганын эске салып, алардын деңгээли төмөн болгонун белгилеп, айдоочулардан экзамен алуу аларга моралдык жактан жат көрүнүш болуп каларын айтты.
"Тилекке каршы, жетекчилик дагы, өздүк курам дагы жөнөкөй суроолорго жооп бере алышкан жок. Мыйзам долбоорунун концепциясы жакшы, бирок мен азырынча колдой албайм. Андыктан өздүк курам менен жетекчиликти толук кайрадан окуудан өткөрүү зарыл. Ошондон кийин элден сураганга моралдык укук болот",- деди эл өкүлү.
Бүгүн, 24-февралда Жогорку Кеңештин Сот-укук маселелери, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү комитетиинин жыйынында жол тескөөчүлөрдүн 6 суроосунун төртөөсүнө жооп бере албагандарды айдоочулук күбөлүктөн ажыратууну караган мыйзам долбоору каралды. Ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосуновдун айтымында, одоно жол эрежесин бузуу деп 8 эреже бекитилген. Алардын бирин бузган айдоочуга 6 суроо берилет. Айдоочулук күбөлүгүнөн ажыраган айдоочуга 60 күнгө убактылуу күбөлүк берилет.
Болот Ибрагимов МАИчилердин айдоочулардан экзамен алууга моралдык укугу жок экенин айтты
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















