super.kg logo
  Саясат  

Депутат никеге турууну көздөгөн жарандарды медициналык кароодон өткөрүүнү сунуштады

 

Жогорку Кеңештин депутаты Нуржамал Төрөбекова никеге турууну көздөгөн жарандарды милдеттүү медициналык кароодон өткөрүүнү сунуштады. Бул тууралуу эл өкүлү 24-февралда парламенттин Эмгек, саламаттык сактоо, аялдар иштери жана социалдык маселелер комитетинин жыйынында айтты.

Отурумда гепатит ооруларынын алдын алуу жана республикадагы гепатит боюнча жалпы эпидемиологиялык абал тууралуу сөз болуп жаткан.

Айтымында, мындай чара ар кандай жугуштуу оорулардын алдын алуу болуп саналат.

"Никеге турууну көздөгөн жарандарды милдеттүү медициналык текшерүүдөн өткөрүүнү сунуштайт элем. Мисалы, Өзбекстанда канча жылдан бери үйлөнө турган жаш жубайлар биринчи ВИЧке, боор ооруларына карата анализ тапшырып, андан соң баш кошушат. Мындай практика башка чет өлкөлөрдө да бар. Бул жубайлардын бири-бирине инфекцияны жугузуусун алдын алуу болуп саналат",- деди депутат.






Депутат

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: