super.kg logo

Мексикадагы баш аламандык: Футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун оюндары коркунучта

 

Эл аралык футбол федерациясы 2026-жылкы Дүйнө чемпиондугунун континенттер аралык беттештерин Мексикадан башка өлкөгө көчүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу The Athletic басылмасы жазды.

Маалыматка ылайык, Мексикада соңку окуялардан улам коопсуздук маселеси курчуп, ФИФА кырдаалга олуттуу тынчсызданууда.

Жекшемби күнү Мексиканын Коргоо министрлиги өлкөдөгү ири кылмыштуу топ - Халисконун жаңы мууну картелинин лидери Рубен Немесио Осегера Сервантести кармоо операциясы жүргүзүлгөнүн билдирген. Эль Менчо каймана аты менен белгилүү Осегера Сервантес Мехикого жеткирилүү учурунда алган жаракаттарынан улам каза болгону айтылган.

Андан кийин өлкөнүн кеминде сегиз штатындагы ондогон шаарларда унааларды өрттөө, жолдорду тосуу жана күч түзүмдөрүнө кол салуу фактылары катталган. Баш аламандыкка байланыштуу эркектер жана аялдар арасындагы улуттук футбол чемпиондуктарынын айрым беттештери жылдырылган.

Мексика 26-31-март күндөрү континенттер аралык тандоо оюндарын кабыл алышы керек болчу. ФИФАнын жогорку даражалуу өкүлү (аты-жөнүн атабоо шарты менен) басылмага уюм коопсуздук боюнча кепилдиктерди жакын арада албаса, оюндар башка өлкөгө көчүрүлүшү мүмкүн экенин билдирген.

Кечке жуук жергиликтүү бийлик тартипти калыбына келтире баштаганы жана ФИФА мексикалык тарапка колдоо көрсөтөрүн билдиргени менен беттештер Мексикада өтөр-өтпөсү азырынча так эмес.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: