Бакыт Төрөбаев айыл чарба министри кызматынан бошотулду
Бакыт Төрөбаев министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары жана суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин администрациясы кабарлады.
Буга чейин социалдык тармактарда Бакыт Төрөбаевдин телефондон сүйлөшүүсү делген аудио тараган. Анда Төрөбаев менен сүйлөшкөн адам Камчыбек Ташиевдин уулу Таймурас Ташиев заводду тартып алганын айтканын угууга болот. Аудиодо саламаттык сактоо министри, мурдагы чекист Каныбек Досмамбетовдун да аты аталган. Төрөбаев өзү бул боюнча комментарий берип, өзү менен сүйлөшкөн адам иниси экенин ачыктаган.
Белгилей кетсек, Төрөбаев бул кызматка 2023-жылдын декабрында дайындалган болчу. Ага чейин Жогорку Кеңештин бир нече чакырылышынын депутаты жана өзгөчө кырдаалдар министри болуп иштеген.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















