super.kg logo

Ливанда аскерлерге Израилден ок атылган учурда жооп берүү буйругу берилди

 

Ливандын армиясынын түштүк чек арасындагы опордук пункту Израил тараптан ок аткылууго дуушар болду. Аскерлерге ок атуу кайра кайталанса, жооп берүүгө буйрук берилгени тууралуу Ливан армиясынын билдирүүсүндө айтылат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, аскерлер Сарда — Маржаюн аймагында байкоо постун жайгаштырып жатканда, анын аймактары Израил тараптан ок атууга дуушар болгон. Ошондой эле ошол учурда төмөн бийиктикте учуп өткөн Израил дрону аскерлерди позициядан кетүүгө мажбурлоого аракет кылган.

Ливан армиясынын билдирүүсүндө: "Башкармалык постту күчөтүү, өз ордунда калуу жана ок булагына жооп берүү тууралуу буйрук берди", - деп айтылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: