Женевада кыргыз-куба кызматташуусу талкууланды
Бүгүн, 24-февралда Женева шаарында БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинин жогорку деңгээлдеги сегменттеринин жана Куралсыздануу боюнча конференциясынын алкагында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Куба Республикасынын Тышкы иштер министри Бруно Родригес Паррилья менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар кыргыз-куба мамилелеринин учурдагы абалын жана келечектеги өнүгүү перспективаларын талкуулап, эки тараптуу форматта жана эл аралык уюмдардын алкагында кызматташууну мындан ары чыңдоого өз ара кызыкдар экендиктерин ырасташты.
Саясий диалогду жандандырууга өзгөчө көңүл бурулуп, өз ара сапарларды уюштуруу, тышкы саясий ведомстволор ортосунда үзгүлтүксүз консультацияларды өткөрүү жана келишимдик-укуктук базаны кеңейтүү маселелери каралды.
Кыргыз тарап Куба менен Евразия экономикалык биримдигинин алкагында кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдар экенин да белгиледи.
Ошондой эле Бириккен Улуттар Уюмунун алкагында улуттук демилгелерди координациялоо жана өз ара колдоо көрсөтүү маселелерине өзүнчө көңүл бурулду.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кыргыз-куба өнөктөштүгүн мындан ары да ырааттуу өнүктүрүүгө умтуларын ырасташты.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















