Ошто эки мектептин эски имараттары бузулууда
Ош шаарындагы С. Жигитов (К. Маркс) жана М. Ломоносов атындагы орто мектептердин эски имараттарын бузуу иштери башталды. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Учурда атайын техникалар тартылып, демонтаж коопсуздук талаптарын сактоо менен этап-этабы аркылуу жүргүзүлүүдө.
Маалыматка ылайык, имараттар көп жылдан бери пайдаланылып, техникалык жактан эскирип, кооптуу абалга келген. Окуучулар үчүн коопсуз жана заманбап шарт түзүү максатында алардын ордуна жаңы мектептерди куруу чечими кабыл алынган.
Белгилей кетсек, Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, 2026-жылы республикалык бюджеттин эсебинен Ош шаарында жалпысынан 10 жаңы мектеп куруу пландалууда. Анын ичинде аталган эки билим берүү мекемеси толугу менен жаңыланып, заманбап форматта кайра салынат.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















