Ким Чен Ындын кызы атын өзгөртүп, өлкөнүн ракета башкармалыгын жетектеп жатат
Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын кызы Ким Чжу Э өлкөнүн ракета башкармалыгынын башкы директорунун милдетин аткарууда. Бул тууралуу Түштүк Кореянын "Чосон Ильбо" гезити өкмөттөгү жеке булактарына таянып жазды.
Булактардын маалыматы боюнча, Ким Чен Ындын кызы Түндүк Кореяда ракет башкармалыгынын башкы директору болуп иштеп жатат жана учурда Пхеньянда өтүп жаткан Жумушчу партиясынын тогузунчу съездиндеги окуяларды кылдаттык менен көзөмөлдөп турат.
Түштүк Кореянын чалгындоо кызматы Түндүк Кореянын лидери кызын аскердик күчтөрдү оперативдүү көзөмөлдөөнү камсыз кылуу үчүн аталган кызматка дайындаган деп болжолдойт. Басылма Чан Чхан Ха расмий түрдө өлкөнүн ракета башкармалыгын жетектей турганын белгилейт. Бирок иш жүзүндө Ким Чен Ындын кызы генералдардан отчётторду алып, буйруктарды берет.
Андан тышкары, гезиттин булактарынын айтымында, Ким Чен Ындын кызы атын Ким Чжу Эден Ким Чжу Хэге өзгөрткөн. Гезит бул Түндүк Кореянын лидеринин кызы анын мураскери болуп дайындалганын билдириши мүмкүн экенин баса белгилейт. "Чосон Ильбо" ошондой эле азыркы Түндүк Кореянын лидери башында Ким Чен Ун деген ат менен белгилүү болгонун, бирок кийин атын Ким Чен Ын деп өзгөрткөнүн эске салат. Ал 2009-жылы атасы Ким Чен Ирдин мураскери болуп дайындалганда атын өзгөрткөн.
Буга чейин Түштүк Кореянын чалгындоо кызматы Ким Чен Ындын кызы Ким Чжу Э анын мураскери болуп дайындалуу этабына киргенин маалымдаган. Лидердин кызы 2013-жылы төрөлгөн деп болжомолдонууда.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















