БУУ Украинадагы тынчтыкты колдоо резолюциясын кабыл алды. Борбордук Азия өлкөлөрүнүн добушу
Бириккен улуттар уюмунун Башкы ассамблеясы 24-февралда Нью-Йорк шаарында өткөн жыйында Украинадагы тынчтыкты колдогон резолюцияны кабыл алды. Бул тууралуу уюмдун расмий сайтында маалымдалды.
"Украинада туруктуу тынчтыкты колдоо" деп аталган резолюцияга 107 мамлекет добуш берди, 12 өлкө каршы чыкты, 51 мамлекет калыс пикирде калды.
Каршы добуш берген 12 мамлекет: Орусия, Беларус, Буркина-Фасо, Бурунди, Куба, Түндүк Корея, Эритрея, Иран, Мали, Нигер, Никарагуа жана Судан.
Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстан калыс пикирдеги 51 өлкөнүн катарына кирди. Түркмөнстан болсо добуш берүүгө катышкан жок. Калыс өлкөлөрдүн арасында АКШ, Кытай, Индия, Түштүк Африка Республикасы, Армения, Бразилия, Катар, Монголия жана Бириккен Араб Эмираттары да бар.
Резолюциянын текстинде Украинанын көз карандысыздыгын, эгемендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн колдоо белгиленди. АКШ резолюция долбоорунан эгемендүүлүк жана аймактык бүтүндүккө, ошондой эле БУУнун Уставына байланышкан эки абзацты алып салууну сунуштаган. Бирок мамлекеттер АКШнын сунушу боюнча өзүнчө добуш берүүдөн баш тартып, резолюция баштапкы вариантында кабыл алынды.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















