Павел Дуров Орусияда ага карата козголгон кылмыш иши тууралуу үн катты
Telegram мессенжеринин негиздөөчүсү Павел Дуров Орусияда ага карата козголгон кылмыш иши боюнча комментарий берди. Бул тууралуу кечээ, 24-февралда Дуров өзүнүн Telegram каналына жазган.
Анын айтымында, бул мессенжердин Орусиядагы ишмердүүлүгүнө коюлган чектөөлөргө байланыштуу болушу мүмкүн.
"Орусия мага "терроризмге көмөктөшкөн" деген айып менен кылмыш ишин козгоду. Бийлик күн сайын орусиялыктардын Telegram’га кирүүсүнө чектөө киргизүү үчүн жаңы шылтоолорду ойлоп таап жатат. Бул жеке жашоого болгон укукту жана сөз эркиндигин басууга болгон аракет. Бул деген өз элинен корккон мамлекет",- деп жазган ал.
Учурда Орусияда Telegram’га карата чектөө чаралары жарым-жартылай киргизилген. 2025-жылдын август айынан бери Орусияда WhatsApp жана Telegram аркылуу үн менен чалуу функциялары бөгөттөлгөн. Өлкөдөгү байланыш тармагын көзөмөлдөгөн мекеме бул чараларды алдамчылык жана терроризмге каршы күрөш менен түшүндүрүп келет.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















