super.kg logo

Ар бир түн азап сыяктуу... Кызылордодо 10 жаштагы бала үч жылдан бери уктабай жүрөт

 

Казактандын Кызылордо шаарында 10 жаштагы бала үч жылдан бери дээрлик уктабай жүргөн учур катталды. Анын апасынын айтымында, уулу Алинур Рахым уйкусуздуктан жабыркап, түнү бир сааттан ашык уктабайт. Бул тууралуу Tengrinews.kz кабарлады.

Үй-бүлө көп жолу дарыгерге кайрылган

Маалыматка ылайык, үй-бүлө бир нече жолу дарыгерлерге кайрылган. Бирок бардык текшерүүлөр жана анализдер жакшы жыйынтык көрсөткөн. Адистер психикалык тынчтандыруучу каражаттарды беришкен, бирок айтарлык таасир болгон эмес.

Апасы Айнаш Кайпбаева мындай деди:

"Уулум күн сайын уктагым келбейт деп айтат. Муну көрүү оор. Суроо берем: 'Алинур, түнү уктабадың, чарчадыңбы?' Ал жооп берет: 'Жок, апа чарчаган жокмун". Ар бир түнүбүз оор өтөт, дарыгерлерге айтканда ишенишпейт".

Бала өзү да оор абалда

Алинур Рахымдын айтымында, ал уктабай жүргөндөн улам чарчаган, көздөрү шишип, дайыма көңүлсүз жүрөт.

"Мен уктагым келет, бирок уктай албайм. Дары-дармектер жардам бербейт. Турганда дайыма башым ооруйт. Кээде түш көргөндөй болом, бирок саатка карасам, болгону 5-10 мүнөт гана өткөн болот",- деди ал.

Апасы акыркы күндөрдө уулу унутчаак болуп калганын белгиледи. Адистер мындай абалды хроникалык уйкусуздук менен байланыштырышат.

"Бул баланын уктабай жүргөнүнөн улам калыптанат. Натыйжада когнитивдик жана эмоционалдык бузулуулар, ошондой эле физикалык кесепеттер пайда болот",- деди балдардын психиатры Марина Вихновская.

Комплекстүү текшерүү зарыл

Адистер баланы тез арада комплекстүү текшерүүдөн өткөрүүнү сунушташат.

"Баланы балдардын невропатологуна көрсөтүү керек. Түнкү уйку учурунда электроэнцефалография жүргүзүлөт. Неврологиялык абалы каралат. Кийинки чечим ошол жерде кабыл алынат",- деди невролог Асем Касенова.

Буга чейин уйкусуздукту көбүнчө кары адамдар менен байланыштырса, акыркы жылдары адистер аны балдардан да көп байкап жатышат. Себеби катары смартфон жана башка электрондук түзүлүштөргө ашыкча көз карандылык белгиленет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: