Депутат кош бойлуу аялдарга жөлөкпул берүүнү сунуштады (видео)
Жогорку Кеңештин депутаты Нуржамал Төрөбекова парламенттин 25-февралдагы жыйынында кош бойлуу аялдарга бир жолку жөлөкпул берүүнү сунуштады.
Эл өкүлү жөлөкпул дарыгердин маалымкатынан негизинде бардык кош бойлуу аялдарга бирдей берилсе дейт.
"Бүгүнкү күндө бул жөлөкпул негизинен расмий жумушу бар аялдарга же жеке ишкерлерге, анан 1994-жылга чейин төрөлүп, үлүш жери бар аялдарга гана берилүүдө. Ал эми үлүш жери, расмий жумушу жок карапайым аялдар бул жөлөкпулдан куру калышууда.
Кош бойлуу бардык аялдарга жумушуна же үлүш жерине карабастан дарыгердин маалымкатынын негизинде бир жолку жөлөкпул берүүнү сунуштайм. Бул колдоо суммасы чоң болбосо да, болочок энелер үчүн өтө маанилүү деп эсептейм",- деди эл өкүлү.
Депутат кош бойлуу аялдарга жөлөк пул берүүнү сунуштады
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:11
2026-02-25
14:54
2026-02-25
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















