Кызматынан алынган Бакыт Төрөбаев президентке ыраазычылык билдирди
Айыл чарба министри кызматынан алынган Бакыт Төрөбаев өлкө башчы Садыр Жапаровго ыраазычылыгын билдирди.
"Урматтуу президентибиз Садыр Нургожоевичге мага көрсөткөн жогорку ишеними жана мамлекетибиздеги тарыхый өзгөрүүлөрдү ишке ашырып жаткан команданын бир бөлүгү болууга мүмкүнчүлүк бергени үчүн терең ыраазычылыгымды билдирем.
Чындыгында артта калган төрт жыл өлкөбүздө өнүгүүнүн, бардык тармактардагы жандануунун жана жаңылануунун мезгили болду. Мамлекет башчыбыз Садыр Нургожоевич жетектеген команда менен биргеликте 1 триллион сомдук бюджетке жетип, ИДП жыл сайын туруктуу 9-10 пайыз өсүштү көрсөтүп турду",- деп жазды ал Facebook баракчасына.
Айта кетсек, Төрөбаевдин министр кызматынан бошотулушу социалдык тармактарга тараган аудиожазуудан кийин болду. Бирок расмий маалыматта анын кызматтан алынышынын себеби айтылган жок.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:48
2026-02-25
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















