Министрлик гепатитке каршы эмдөө боюнча маалымат берди
Саламаттык сактоо министрлиги Кыргызстанда 2002-жылдан тартып В гепатитине каршы эмдөө жүргүзүлүп келерин билдирди.Ага ылайык, жаңы төрөлгөн ымыркайларды эмдөө толугу менен республикалык бюджеттин эсебинен каржыланат. Ал эми 1 жашка чейинки балдарды эмдөө Gavi - Глобалдык вакцина жана иммундаштыруу альянсы менен биргеликте жүргүзүлөт.
Мекеме 2000-2020-жылдар аралыгында балдар арасында В гепатитинин оорусу болжол менен 145 эсеге кыскарганын белгиледи.
2022-жылдан тартып чоңдорду эмдөө башталган. Пилоттук долбоордун алкагында Роспотребнадзордун колдоосу менен 350 000 доза вакцина жана 140 000 экспресс-тест алынган. Программа алгач Чүй облусу жана Бишкек шаарында башталып, кийин башка аймактарга кеңейтилген.
2026-жылдын 1-февралына карата:
- 1 доза алган - 323 638 адам;
- 2 доза алган - 271 182 адам (83,8 пайыз);
- 3 доза алган - 195 092 адам (73,6 пайыз) эмдөөдөн өттү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:48
2026-02-25
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















