"Кэжуал стилинде кылсак". Дастан Бекешев мектеп формасын жеңилдетүүнү сунуш кылды (видео)
Бүгүн, 25-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев окуучулардын мектеп формасы өтө эле ыңгайсыз экенин билдирип, аны жеңилдетүүнү сунуш кылды.
Эл өкүлү окуучуларга мектепке кэжуал стилинде кийинип барууга уруксат берүүнү демилгеледи.
"Биздин окуучулардын мектеп формасын карап көргүлө, мен аны жаман деп айтпайм, бирок өтө эле ыңгайсыз. Мектепке барган балдарыңардан сурап көргүлө. Биз балдардан сурабай эле, алар үчүн чечип коёбуз да.
Чет өлкөдөгү көпчүлүк мектептерде окуучулар биздикиндей форма кийишпейт. Мага аймактагы окуучулар жазып жатышат, мектеп формасы жайында дагы, кышында дагы ыңгайсыз деп. Мен мектеп формасын жоюп салалы деген жокмун, форма сөзсүз түрдө болуш керек. Бирок аны жеңилдетүү керек. Эмне үчүн окуучуларга футболка, кофта, жынсы кийип келүүгө болбойт? Эмне үчүн окуучу кыздар юбка кийүүгө милдеттүү? Кытайда окуучулар спорттук кийимдер менен келишет. Мен эми спорттук кийим сунуштабайм, бирок кэжуал стилинде кылсак болот",- деди депутат.
Ошондой эле Бекешев депутаттарда дагы, министрлерде дагы ыңгайлуу кийим болушу керектигин белгилеп өттү.
Дастан Бекешев мектеп формасын жеңилдетүүнү сунуш кылды
0

Супер-Инфо
super.kg видео















