super.kg logo
  Саясат  

Депутат Абиров Жал кичирайонуна жер үстүнөн өтмөк курууну сунуштады (видео)

 

Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров Бишкектин Жал кичирайонуна жер үстүнөн өтүүчү өтмөк курууну сунуштады. Ал бул тууралуу парламенттин 25-февралдагы жыйынында билдирди.

Айтымында, ушул жылдын январь айында Ленин районунда 29 жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 3 адам каза болсо, 30 адам жаракат алган.

"Бир жума мурун Жал кичирайонундагы Тыналиев көчөсүндө жол кырсыгы болуп, адам өмүрү кыйылды. Бул жерде мурун жөө адамдар өтүүчү өтмөк болгон. Бирок кийин ал алынып салган. Бул аймакта көп кабаттуу үйлөр, коомдук транспорттун аялдамалары жайгашкан. Күн сайын жүздөгөн жарандар жолдон өтүшөт. Бирок коопсуздук талаптары жетиштүү деңгээлде камсыздалган эмес. Ошондуктан Тыналиев көчөсүндөгү мурунку жөө өтмөктүн ордуна жер үстүнөн өтүүчү өтмөк куруу маселесин карап чыгуну сунуштайм",- деди депутат.

Ошондой эле ал Ахунбаев-Курчатов көчөлөрүнүн аймагына да жер үстүнөн өтүүчү өтмөк куруу зарылдыгына токтолду. Айтымында, бул жерде да жарандардын өмүрүнө коркунуч жаралууда.






Депутат Абиров Ленин районуна жер үстүнөн өтмөк куруу боюнча

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: