Депутат орусиялык номурлуу унаалар боюнча маселе көтөрдү
Бүгүн, 25-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Уланбек Жаанбаев айылдарда орусиялык номурлуу унааларын мыйзамдаштырууга жетишпей калгандар көп экенин билдирди.
"Алар "унааны 50-70 миң рублга сатып алганбыз, бирок мыйзамдаштыруу 50 миң сом болгонуна байланыштуу каттата албай калдык" деп жатышат. "Ушуга мамлекет тарабынан көңүл буруп, кайра карап чыксак" деген каттарын жөнөтүшүүдө",- деди эл өкүлү.
Айта кетсек, буга чейин министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев кайра мыйзамдаштыруу мүмкүнчүлүгү болбой турганын билдирген. Экономика министрлиги чет өлкөлөрдөн мыйзамсыз ташылып келген унааларды экинчи жолу мыйзамдаштыруу маселеси пландалбаганын кабарлаган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:56
2026-02-26
14:38
2026-02-26
13:32
2026-02-26
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















