Депутат бир дагы спорт залы жок айылды атады (видео)
Жогорку Кеңештин 25-февралдагы жыйынында депутат Уланбек Жаанбаев Ноокат районунун Кеңеш айыл аймагына караштуу Куу-Майдан айылына спорт зал куруу зарылдыгын айтты.
Эл өкүлү аталган айылда учурда бир дагы спорт аянтчасы жок экенин белгиледи.
"Айылда спорттук аянтча же зал жок. Жада калса мектептин дагы спорт залы жок. Тургундар спорт зал куруп берүү боюнча көптөн бери суранып келишүүдө. Анын жери, долбоордук-сметалык документи даяр. Курулушка экспертизанын оң корутундусу алынган. Бул имаратты бюджеттин эсебине киргизип беришиңиздерди суранам",- деген депутат президенттин парламенттеги өкүлүнүн орун басары Нурлан Бообеков кайрылды.
Депутат бир дагы спорт аянтчасы, спорт залы жок айылды атады
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:25
2026-02-27
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















