Манас шаарында 6 жаңы мектептин курулушу башталды
Бүгүн, 25-февралда курулуш министри Нурдан Орунтаев иш сапары менен Жалал-Абад облусуна барды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, иш сапардын жүрүшүндө министр президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев, Манас шаарынын мэри Абдупата Маткаликов, ошондой эле тиешелүү департаменттердин жетекчилери жана подряддык уюмдардын өкүлдөрү менен биргеликте Манас шаарында курула турган социалдык объекттердин долбоорлору менен таанышып, жыйын өткөрдү.
Манас шаарында курулуучу объекттердин тизмеси:
1. Көк-Арт муниципалдык аймактык башкармалыгына караштуу Ак-Тилек кичи шаарчасындагы Достук кичи көчөсү 25/2 дарегинде 375 орундуу жаңы мектеп;
2. Курманбек муниципалдык аймактык башкармалыгына караштуу Мамбеталиев көчөсүндө 650 орундуу жаңы мектеп;
3. Тайгараев атындагы муниципалдык аймактык башкармалыгына караштуу Чолок-Терек айылынын Керимбеков көчөсү 167 дарегинде 275 орундуу жаңы мектеп;
4. Спутник кичи шаарчасынын Азизов көчөсү 13 дарегинде жайгашкан мектепке 650 орундуу кошумча корпус;
5. Достук муниципалдык аймактык башкармалыгына караштуу №5 Осмонов атындагы орто мектепке (Фурманов көчөсү 5) 275 орундуу кошумча корпус;
6. Достук кичи шаарчасындагы №21 Болотов атындагы орто мектепке 275 орундуу кошумча корпус.
Министр объекттердин долбоордук-сметалык документтери менен таанышып, тиешелүү департаменттердин жетекчилерине жана подряддык уюмдарга курулуш иштерин өз мөөнөтүндө жана сапаттуу жүргүзүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди.
Белгилей кетсек, республикалык бюджеттин эсебинен Бишкек, Ош жана Манас шаарларында жалпысынан 36 жаңы мектептин курулушу пландалып, этап-этабы менен ишке ашырылууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:57
2026-02-25
16:25
2026-02-25
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















