Садыр Жапаров Орусия президентинин атайын өкүлү Михаил Швыдкойду кабыл алды
Бүгүн, 25-февралда президент Садыр Жапаров Орусия президентинин эл аралык маданий кызматташтык боюнча атайын өкүлү Михаил Швыдкойду кабыл алды. Бул тууралуу өлкө бшачысынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, жолугушууда Кыргыз-Орусия мамилелерин маданий-гуманитардык тармакта мындан ары да чыңдоо маселелери жана келечеги талкууланды.
Жапаров 2025-жылы Кыргызстанда Орусиянын маданият күндөрү ийгиликтүү өткөнүн канааттануу менен белгилеп, жакынкы арада Москвада ачыла турган Кыргыз илим жана маданият үйү маданий алакаларды мындан ары да чыңдоого өбөлгө болоруна ишеним билдирди. Ошондой эле Кыргызстанда алтынчы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтөрүн айтып, Орусиянын командасын бул маанилүү иш-чарага активдүү катышууга чакырды.
Швыдкой өз кезегинде Садыр Жапаровго Орусиянын лидери Владимир Путиндин жылуу саламын жана эң жакшы каалоолорун жеткирди. Ал 2028-жылы Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдыгы эки элди бириктирген өзгөчө дата экенин белгилеп, ошондой эле 2028-жылы Лев Толстойдун 200 жылдыгы да белгиленерин айтты. Буга байланыштуу, ал бул даталарды биргелешип белгилөөнү сунуштап, эки өлкөнүн вице-премьер-министрлери жетектеген уюштуруу комитетин түзүүнү сунуш кылды.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















