super.kg logo
  Спорт  

Бүгүн Албанияда 8 кыргызстандык балбан килемге чыгат

 
Бүгүн, 25-февралда Албаниянын Тирана шаарында күрөш боюнча "MUHAMET MALO-2026" экинчи рейтингдик турнири башталат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиришти.
Маалым болгондой, мелдешти алгач эркин күрөш боюнча балбандар ачып, 57, 61, 65, 70 жана 74 килограммга чейинки салмак категорияларында килемге чыгышат.
57 килограмм чейинки салмак ченинде кыргыз балбаны Абдымалик Карачов мелдешти 1/16 финалдык баскычынан баштап, Түркиянын балбаны Мухаммет Каравус менен кез келсе, 61 килограммга чейинки салмакта кыргызстандык Бекзат Алмаз уулу 1/16 финалда америкалык Жеймс Десанто менен күч сынашат.
65 килограммга чейинки салмак категориясында Билал Шарип уулу алгачкы беттешин албаниялык Эндрио Авдылиге каршы өткөрөт. Ушул эле салмакта Өскөнбай Абдисаматов румыниялык Стефан Коман менен таймашат.
70 килограммга чейинки салмакта Эрназар Акматалиев старттык беттешинде орусиялык Ибрагим Ибрагимовго каршы чыгат. Ал эми ушул эле салмактагы Залкарбек Табалдиев менен Рустамжан Кахаров турнирди өз ара беттеш менен башташат.
74 килограммга чейинки салмак категориясында Орозобек Токтомамбетов азербайжандык Канан Хейбатов менен күрөшөт. Ал эми Адилет Акылбеков АКШнын өкүлү Куинси Манди менен беттеш өткөрөт.
Беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 15:30да башталат.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: