super.kg logo
  Саясат  

Депутат жети дубанга "Кыргызтесттин" филиалдарын ачууну сунуштады (видео)

 

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Улукбек Карыбек уулу "Кыргызтест" мамлекеттик мекемесинин филиалдарын жети облустун борборлоруна ачууну сунуштады.

Эл өкүлү мамлекеттик жана муниципалдык жумушка орношууда "Кыргызтесттин" айланасында бюрократиялык көйгөйлөр байкалганын белгиледи. Айтымында, аймактан Бишкекке келген жаш адис жумалап жүрүп, "Кыргызтестте" май айынын аягына чейин кезекте турат.

"Тил боюнча конститутциялык мыйзамда мамлекеттик тилди коргоо талаптарын, шарттарын коюп жатабыз. Бирок шарт түзүүгө келгенде тең салмактуулук кылбайбыз.

Аймактардагы кызматкерлерге дискриминация болуп жатат. Алар борборго келип, финансылык чыгымга учурашууда. Андан сырткары, моралдык чоң басымга душар болушууда. Ушуну эске алып, ар бир облустун борборуна "Кыргызстесттин" филиалын ачууну сунуштайм. Экинчи сунушум - адамдык факторду жок кылып, ачык-айкын онлайн системди коюшубуз керек",- дейт Карыбек уулу.






Депутат аймактарга "Кыргызтесттин" филиалдарын ачууну сунуштады

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: