"Бул чындыгында улуттук трагедия". Депутат Айтиев агынан жарылды
Бүгүн, 25-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Темирлан Айтиев Чүйдүн аймагында кен казган ишканалар тууралуу маселе көтөрдү.
Ал Чүй дарыясынын жээгин казуудан өлкө өз жерин жоготуп жатканын белгиледи. Эл өкүлүнүн айтымында, Казакстан тарап суунун жээгин бекемдөө иштерин жүргүзүп жатканда, кыргыз тарапта казуу иштери эркин жүрүп жатат. Анын натыйжасында суунун нугу жылдан-жылга кыргыз тарапка 2-3 метрден кирүүдө.
"Убагында 1 чарчы метр жерди коргоо үчүн жүздөгөн жарандарыбыздын каны төгүлгөн. Кайдыгерлигибизден улам баалуу жерлерибизден ажырап жатабыз. Бул чындыгында улуттук трагедия",- деди Айтиев.
Депутат ошондой эле Чүйдүн башка аймактарында казылып жаткан кендерде кайра калыбына келтирүү иштери жүрбөй жатканын кошумчалап, өкмөттү чара көрүүгө чакырды.
"Бул чындыгында улуттук трагедия". Депутат Айтиев агынан жарылды
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















