super.kg logo

Трамп кышкы Олимпиада оюнундагы алтын медалды тагынып көрдү (видео)

 

АКШнын президенти Дональд Трамп Италияда өткөн кышкы Олимпиада оюндарында жеңишке жетишкен улуттук хоккей курама командасы менен Ак үйдө жолугушту. Бул тууралуу АКШнын жергиликтүү басылмалары жазып, сүрөт, видео жарыялашты.

Аталган жолугушууда чабуулчу Мэтью Ткачук өлкө лидерине өзүнүн алтын медалын тапшырып, тагынып көрүүнү сунуштаган. Трамп дагы бул сунушту четке какпай, ынтызарлык менен медалды мойнуна салып көргөн.

"Эми мен медалды кайтарбайм. Муну эч нерсеге алмаштырууга болбойт",- деп Трамп спортчуларды тамашага салган.

Белгилей кетсек, АКШнын улуттук хоккей курама командасы 1980-жылкы Олимпиададан бери биринчи жолу баш байгени багындырды. Оюнчулар финалдагы кошумча убакыт учурунда Канаданы 2:1 эсебинде утуп, алтынга жетишкен.






Трамп Олимпиада оюнундагы алтын медалды тагынып көрдү

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: