Казакстанда Эпштейнге байланышы бар чиновниктердин ишин текшерүү талап кылынды
Казакстан Мажилисинин депутаты Асхат Рахимжанов тиешелүү органдардан Казакстандын мурдагы жогорку даражалуу чиновниктери менен жашы жете электерге сексуалдык зомбулук жасаган Жеффри Эпштейндин байланышын иликтөөнү талап кылды. Бул тууралуу казак басылмалары жазышты.
Анда депутат АКШнын Юстиция министрлиги жарыялаган документтерде Казакстандын мурдагы саясий элиталарынын аты аталып жатканын белгилеп өткөн. Алардын арасында УКМКнын мурдагы төрагасы Карим Масимов жана Улуттук банктын мурдагы жетекчиси Кайрат Келимбетовдун аттары кезиккен.
"Документтерде Эпштейн менен Масимовдун жеке тааныш экени ачык көрсөтүлүп турат. Бул бир топ суроолорду жаратат. Казакстандын жогорку даражалуу адамы Эпштейн менен эмне максатта жолукмак эле? Бул жолугушуулар кайсы жерде болду? Сөз болуп жаткан Аралдабы?
Мындан тышкары ачыкка чыккан документтерде Эпштейндин Казакстанга көп жолу келгени көрсөтүлгөн. Бул жаңжалды иликтөөдө эл аралык басылмалар АКШда түшүнүксүз жагдайда каза болгон казакстандык модель Руслана Коршунованы дагы аташкан", - деген депутат.
Ошондой эле эл өкүлү казакстандыктар чындыкты билүүгө укуктуу экенин кошумчалаган.
Маалымат үчүн:
2019-жылы америкалык финансист Жеффри Эпштейнге АКШда жашы жете электерди сексуалдык эксплуатация максатында сатууга байланыштуу айып коюлуп, ага 40 жылга чейин эркинен ажыратуу коркунучу жаралган. Айыптоочулардын маалыматы боюнча, ал 2002-2005-жылдары ондогон жашы жете элек кыздар менен жыныстык байланышта болуп, кээ бирлерине жаңы кыздарды алып келүүгө буйрук берген. Айрым жабырлануучулардын 14 жашка да толо элек болгону айтылган.
Эпштейндин жансыз денеси 2019-жылы сот процесси жүрүп жатканда абактан табылган. Расмий маалыматтар боюнча, ал өзүнө кол салган. Бирок анын өлүмүнө байланыштуу көптөгөн божомолдор айтылып келет.
Ал эми АКШнын Юстиция министрлиги Эпштейндин ишине байланыштуу документтерди ачык жарыялаган. Анда бир катар дүйнөлүк жылдыздардын, ишкерлердин жана саясатчылардын аттары аталган. Алардын арасында Казакстандык саясатчылар дагы бар эле.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















