Жогорку Кеңеш Осмоновдун талапкерлигин саламаттыкты сактоо министри кызматына жактырды
Бүгүн, 25-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Дамирбек Осмоновду саламаттык сактоо министри кызматына дайындоого макулдук берүү маселесин каралды.
Депутаттарга анын талапкерлигин президенттин жана министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Бектур Зулпиев тааныштырды.
Жыйынтыгында Жогорку Кеңеш Дамирбек Осмоновду саламаттык сактоо министри кызматына дайындоого макулдук берип, тиешелүү токтомду кабыл алды.
Айта кетсек, ал Каныбек Досмамбетов кызматтан алынганда министрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:54
2026-02-25
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















