super.kg logo

Көмүскөдөгү эрдик. Москвада кичинекей бөбөктөрдү жол кырсыгынан сактап калган Шерзат менен маек (видео)

 

Орусиянын Москва шаарында кыргызстандык таксист чыныгы эр жүрөк үлгүсүн көрсөттү. Ал жөө өтмөктөн өтүп жаткан кичинекей балдарды мүмкүн болгон жол кырсыгынан сактап калды. Анын бул ыкчам жана жоопкерчиликтүү кадамы интернет желесинде бат эле тарап, ар түрдүү пабликтерде жарыяланды.

Кырдаалды дароо жөнгө салган мекендешибиз Шерзат Шавкат уулу менен SUPER.KG порталы маек курду. Шерзат 1992-жылы Манас шаарында туулуп өскөн. Атасы Жалал-Абаддан, ал эми апасы Таластан болгондуктан, ал жактын да абасынан дем алып чоңойгонун билдирди.

- Саламатсызбы, Шерзат мырза! Орусияда качантан бери эмгектенесиз? Ал эми такси кызматына чыкканыңызга канча болду?

- Жашоо турмуштун агымы менен мен да башка мекендештер сыяктуу эле Орусияга төрт жыл мурун эмгектенүүгө келгем. Бул жакка келгенден баштап эле дароо такси кызматына чыктым. Алгач оңой болгон жок. Бирок заманбап шаар болгондуктан жол көрсөткүч картанын жардамы менен көчөлөрүн таап барып, бат эле үйрөнүп кеттим. Азыр эми бул жумушка көнүп калдык. Ак эмгек, адал акча менен үй-бүлөмдү багып жатам.

- Балдарды жол кырсыгынан сактап калган окуяга токтолсоңуз. Кайсы учурда унааны токтотуу керектигин сездиңиз? Ошол учурда кандай сезимде болдуңуз?

- Мен унаам менен келип, жаңы эле токтоп, бала бакчанын бөбөктөрү окшойт, топтошкон балдарды жөө өтмөктөн өткөрө баштагам. Көчө бир тараптуу болгондуктан, экинчи тилекедеги унаанын катуу ылдамдыкта келе жатканын терезеден байкадым. Ал балдардын өтүп жатканын байкабай калган чыгар. Мен дароо эшикти ачып, катуу кыйкырдым. Унаанын эшигин ачканда эле ал айдоочу болушунча унаасын токтууга аракет кылып, жыйынтыгы жакшылык менен аяктады. Негизи кырсык каш-2кабактын ортосунда да. Ал айттырып келбейт. Андыктан жолго чыкканда өзүң үчүн гана эмес, айланадагы адамдардын өмүрү үчүн да жооптуусуң. Окуя болгондон кийин өзүмдү сабырдуу кармаганым менен ичим уйгу-туйгу болуп турду. Эгерде мен эшикти ачпаганда кандай жагдай күтүп турмак деген ой көпкө чейин коё бербеди. Эң негизгиси кырсыксыз аяктаган окуя мени кубантты.

- Бир күндө окуянын видеосу коомчулукка тарап кетет деп ойлодуңузбу? Ар кандай комментарийлер болуп жатат. Кандай кабыл алдыңыз?

- Негизи мен жумушумдагы кызыктуу окуялар менен бөлүшүп, мигрант таксисттердин жакшы жагын алып чыгуунун аркети менен видеолорду социалдык баракчаларымдан жарыялап коём. Анан бул окуяны да бөлүшкөндө көптөгөн көрүүлөрдү топтоп жаткан. Бирок аны кыргызстандык басылмалар жазып чыгат деп такыр күтпөдүм. Мага окшогон жөнөкөй таксисттин окуясы таасир калтырат деп деле ойлобоптурмун. Мен ал жерде адамдык милдетимди аткарып, кайдыгерликтен алыс болууну гана көрсөтүп койгум келген. Бир күндө "жылдыз" болууну деле самаган эмесмин. Бирок интернет желесине тараган соң ар кандай пикирлерди окуп жаттым. Коомчулукта эне баласы үчүн баарына даяр деп айтат эмеспи. Андыктан окуядан кийин мага айтылган жагымдуу комментарийлердин көбү аялзатынан болду. Жаман айткандар да болот экен. "Эл оозунда элек жок" дейт, ар кимдин өз пикири бар. Туура эле кабыл алам.

- Жумушуңузда мындай окуялар болуп турабы?

- Ар бир өлкөнүн өзүнүн жазылган да, жазылбаган да мыйзамдары бар. Биз аны сыйлашыбыз керек. Ал эми өлкөбүздөн алыс жүргөндүктөн, мекен намысы биринчи орунда турат экен. Кыргызстан жөнүндө жаман ой калбасын, анын эли меймандос, адамгерчиликтүү экендигин көрсөтүүгө тырышам. Жакшылык да жерде калбайт. Балким ошол күнү жасаган жакшылыгын, башка күнү сага эки эселеп келишине ишенем. Жумушта ар кандай окуялар болот. Бири жакшы айтат, айрымдары урушуп кетет. Эң негизгиси көнүл калуу болбосо дейм. Орус улутундагы аталар, апалар чыгат. Аларга жардам бергенди унутпайм. Бир ирет төрөрүнө аз калган мекендешибизди төрөт үйүнө чейин тыгынга карабай, башка жолдорго салып жатып жеткиргем. Айтоор, колумдан келишинче кол сунганга аракет кылам. Анан эсте калгандардын бирин айта турган болсом, мекендештердин башка улуттар менен пикир келишпестигин алдын алгам. Ал окуя төрт жыл мурун болду. Пабликтерде кыргызстандыктарды башка улуттагылар жамандап, анан биздикилер алар менен сүйлөшүүгө чогулушат. Бирок мекендештерди ынтымакка чакырып, алар менен алдын ала сүйлөшүп, кечиришкенбиз. Беш кол тең эмес, ыраазычылыгын да, нааразычылыгын да уга билүү керек.

- Шерзат мырза маегиңиз үчүн ыраазычылык билдирем. Алыста жүрсөңүз да намысты бербей мекендештерге, башка улуттагыларга жардам берип, бар таап жүрө бериңиз!






Москвадагы кыргызстандык таксист

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: