Бишкекте алдамчылыкка шектүү жаран кармалды
Бишкек шаарында алдамчылыкка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу 25-февралда Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.Маалыматка ылайык, Т.Х. аттуу жаран 2025-жылдын 16-майында Маевка айылында Б.Т. аттуу жарандын ишеничине кирип, ижарага алынган Hyundai Grandeur үлгүсүндөгү автоунааны 8300 долларга сатып жиберген. Кийинчерээк унаанын мыйзамдуу ээси транспорт каражатын кайра алып кеткен.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесине (Алдамчылык) ылайык кылмыш иши козголгон.
Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жыйынтыгында 1986-жылы туулган Т.Х. аттуу жаран кармалды. Азыркы учурда тергөө иштери улантылууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:32
2026-02-26
10:23
2026-02-26
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















