super.kg logo

Ысык-Көл районунда прокуратуранын жаңы имараты ачылды

 
Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунда прокуратуранын жаңы имаратынын ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу 25-февралда Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ачылыш аземинде башкы прокурор Максат Асаналиев прокуратура органдарынын ишмердүүлүгүн институционалдык жактан бекемдөө мамлекет тарабынан колдоого алынып жатканын белгиледи. Жаңы имарат мыйзамдуулукту камсыз кылуу, укук тартибин бекемдөө жана жарандардын мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо багытындагы иштерге оң таасирин тийгизерин айтуу менен прокуратура кызматкерлерин кызматтык милдеттерин ак ниет аткарууга чакырды.
Административдик имарат заманбап стандарттарга ылайык жабдылып, прокуратура кызматкерлеринин ишин натыйжалуу уюштурууга багытталган.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: