super.kg logo

"Жаш балдардайсыңар!" Эрулан Кокулов Тоңдун акимин, орун басарын жана башкы дарыгерин урушту

 

Жогорку Кеңештин депутаты Эрулан Кокулов Ысык-Көлдүн Тоң районундагы "Эламан" дарыканасын текшерип, имараттын кейиштүү абалы үчүн акимди, анын орун басарын жана райондун башкы дарыгерин жемеледи.

"Силер эмнеге мындай кыласыңар? Талапка жооп бербеген нерселерди жасайсыңар? Силерге ким уруксат берди мындай кылганга? Муну элге кантип сатып жатасыңар? Баарыңар жооп бересиңер!",- деди эл өкүлү.

Бул учурда алар жаралган көйгөйгө бири-бирин күнөөлөй баштады. Алардын аракети Кокуловдун ачуусун күчөттү.

"Уккулачы, кандай айырмасы бар? Аким турат, орун басары турат, башкы дарыгер турат. Эмнеге силерди урушуш керек?! Эмнеге келген эмессиңер бул жакка?! Эмнеге силерди үндү көтөрүп урушуп, анан кырылышыш керек?! Жанатан бери акырын айтып жаттым. Жаш балдардайсыңар!",- деди Кокулов.

Аким депутаттан кечирим сурап, тийиштүү иштер жүргүзүлөрүн убадалады.

Видео Эрулан Кокуловдун социалдык тармактагы баракчасынан алынды.






Эрулан Кокулов Тоңдун акимин, орун басарын жана башкы дарыгерин урушту

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: