super.kg logo

Бишкекте бир нече тоноо кылмыштарына шектүү топ кармалды (видео)

 
Бишкек шаарында бир нече тоноо кылмыштарына шектүү топ кармалды. Бул тууралуу 25-февралда Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 23-февралда саат 06:00 чамасында Бишкек шаарынын Озерная жаңы коңушунда белгисиз адамдар К.Д. аттуу жаранга ачык түрдө күч колдонуп, баасы 20 миң сомдук Редми телефонун тартып алышкан. Андан соң белгисиз тарапка качып кетишкен.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренесине (Тоноо) ылайык кылмыш иши козголгон.
Мындан тышкары, шектүүлөр жабырлануучуну мыйзамсыз аракеттер менен алектенет деген жалган маалыматты камтыган видеокайрылуу жаздырууга мажбурлашкан. Аталган аракеттер жасалган кылмышты жашыруу жана айланадагыларды жаңылыштыкка киргизүү максатында жасалган. Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1999-жылы туулган Р.М., 2007-жылы туулган С.Т., 2007-жылы туулган С.С., 2006-жылы туулган А.Р., 1998-жылы туулган К.К., жана 2004-жылы туулган Н.Н. аттуу жарандар кармалышты.
Азыркы учурда тергөө иштери уланууда.





Бишкекте бир нече тоноо кылмыштарын жасаган кылмыштуу топ кармалды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: