Дипломатиялык академияда Муратбек Иманалиевдин мааракесине арналган иш-чара өттү
Бүгүн, 25-февралда Тышкы иштер министрлигинин дипломатиялык академиясында Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү дипломаты, мамлекеттик жана коомдук ишмери Муратбек Иманалиевдин 70 жылдык мааракесине арналган "Муратбек Иманалиев: Кесиптик жолу жана ШКУнун өнүгүшүнө кошкон салымы" аттуу тегерек стол болуп өттү. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чарага министрликтин жана дипломатиялык академиянын жетекчилиги, дипломатиялык корпустун өкүлдөрү, маараке ээсинин жакындары, эксперттик жана илимий коомчулуктун мүчөлөрү, дипломатиялык кызматтын ардагерлери жана санаалаштары катышты.
Өзүнүн видео кайрылуусунда Жээнбек Кулубаев маараке ээсин "Кыргыз дипломатиясынын патриархы" деп мүнөздөп, анын мамлекеттин тышкы саясатын калыптандыруудагы орчундуу ролун белгиледи. Ал 1991-жылы дүйнөнүн бардык континенттеринде өлкө кызыкчылыгын коргоп келе жаткан Тышкы иштер министрлигинин алгачкы кесипкөй командасын түзгөнүн баса белгиледи.
Тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев М.Иманалиевдин жетекчилиги алдында Кыргызстан эл аралык коомчулук тарабынан таанылып, Бириккен Улуттар Уюмуна мүчө болгонун эске салды. Ал эми дипломатиялык академиянын ректору Руслан Рахимов анын улуттук дипломатиялык мектептин калыптанышына кошкон салымын жогору баалады.
Ошондой эле Шанхай кызматташтык уюмунун Башкы катчысы Нурлан Ермекбаевдин, Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Башкы катчысы Таалатбек Масадыковдун жана Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Башкы катчысы Сергей Лебедевдин видео куттуктоолору жаңырды. Алар М.Иманалиевдин эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана аймактык уюмдардын аброюн чыңдоого кошкон зор салымын белгилешти.
Мааракенин алкагында М.Иманалиев атындагы стипендияны тапшыруу аземи да өттү. Бул стипендия дипломаттын үй-бүлөсү тарабынан Дипломатиялык академия менен биргеликте эл аралык мамилелер адистигинде окуган таланттуу студенттерди колдоо максатында негизделген.
Иш-чаранын жүрүшүндө маараке ээсинин өмүр жолунун негизги этаптарын чагылдырган сүрөт көргөзмө уюштурулуп, анда анын Тышкы иштер министри жана ШКУнун Башкы катчысы болуп иштеген мезгилинен тартып, архивдик документтери жана үй-бүлөлүк сүрөттөрү көрсөтүлдү.
Жыйындын соңунда дипломатиялык кызматтын ардагерлери, окумуштуулар жана эксперттер Муратбек Иманалиевдин кесиптик жолу тууралуу эскерүүлөрү менен бөлүшүп, анын эл аралык кызматташтыкты чыңдоодогу жана чыгыш таануу мектебин өнүктүрүүдөгү ролу жогору бааланды.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















