Италияда 47 жылдан бери ордунан жылбаган унаа экспонатка айланды
Италиянын Конельяно шаарында бир топ жылдар бою көчөдө токтоп турган Lancia Fulvia үлгүсүндөгү унаа оңдоп түзөөдөн өтүп, экспонатка айланды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка караганда, аталган унаа 47 жылдан бери кыймылдаган эмес. Унаанын 99 жана 89 жаштагы мурунку ээлери учурунда унааны гезит саткан күркөсүнө кампа катары пайдаланып келишкенин айтышкан.
Ал эми 2021-жылы унаа тууралуу маалыматтар тарап, белгилүү болгондой кийин аны жергиликтүү энтузиасттар калыбына келтирүү үчүн алып кетишип, унааны көк түскө боёп жаңылашкан.
Учурда унаанын жанына автопарк салуу пландалып жатканы маалым болду.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:35
2026-02-25
11:29
2026-02-25
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















