Айыл чарба министринин милдетин аткаруучу Эрлист Акунбековдун өмүр баяны
Бүгүн, 25-февралда Жогорку Кеңеш Эрлист Акунбековду суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри кызматына дайындоого макулдук берди.
Анын талапкерлигин эл өкүлдөрүнө президенттин жана министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Бектур Зулпиев тааныштырды.
Эрлист Акунбековдун өмүр баяны:
Эрлист Акунбеков 1983-жылдын 10-июнунда Ош шаарында туулган.
Билими:
Ош мамлекеттик университетинен "Бизнес жана менеджмент" адистиги боюнча жогорку билим алган. Андан кийин Москва мамлекеттик университетинде "Бизнести башкаруу" адистиги боюнча магистратураны ийгиликтүү аяктаган.
Эмгек жолу:
- 2005-жылдын январь-майы - Ош шаарындагы "Энергобанк" ЖЧКсынын филиалында Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкынын линиясы боюнча кредиттик эксперт-адиси;
- 2005-жыл май-октябрь - Ош шаарындагы "Энергобанк" ЖЧКсынын филиалынын кредит бөлүмүндө Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкынын линиясы боюнча кредиттөө секторунун адиси;
- 2005-жылдын октябрь айынан 2006-жылдын февраль айына чейин - "Энергобанк" ЖЧКсынын Оштогу филиалынын кредит бөлүмүндө Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкынын линиясы боюнча кредиттөө секторунун башчысы;
- 2006-жыл февраль-декабрь - "Энергобанк" ЖЧКсынын чакан жана орто бизнести кредиттөө башкармалыгынын кредиттөө секторунун башчысы;
- 2006-жылдын декабрында - "Энергобанк" ЖЧКсынын чакан жана орто бизнести кредиттөө башкармалыгынын төрагасынын орун басары (кийин "АТФ Банк-Кыргызстан" деп өзгөргөн);
- 2008-2010 - "АТФ Банк-Кыргызстан" (кийин "Юни Кредит Банк" болгон) банкынын Жалал-Абаддагы филиалынын директору;
- 2011-2013 - "Ремстроймост" ЖЧКсынын аткаруучу директору;
- 2013-2014 - "ATS-Group" ЖЧКсынын аткаруучу директору;
- 2014-жылдын январь айынан тарта - "Жер семирткичтерди жеткирүүчүлөрдүн кыргыз ассоциациясы" аттуу юридикалык жактардын бирикмесинин төрагасы;
- 2014-жылдын май айынан тарта - "ATS-Group" ЖЧКсынын башкы директору.
- 2026-жылдын 25-февралынан тарта министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри.
Айта кетсек, буга чейин аталган кызматты Бакыт Төрөбаев аркалап келген. Ал 24-февралда кызматынан алынды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:11
2026-02-25
14:54
2026-02-25
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















