Борбордук Азияга таанымал ырчы Кайрат Нуртас 37 жашка толду

Бүгүн, 25-фераль – белгилүү казак эстрада ырчысы, композитор, актёр Кайрат Нуртастын туулган күнү. Ал бул жылы 37 жашка толду. Атактуулуктун туу чокусуна жеткен ырчынын көпчүлүк ырлары казак тилинде. Ырчы мырза Казакстанда гана эмес, Борбордук Азияда, анын ичинде Кыргызстанда да абдан таанымал.
Кайрат Нуртас 1989-жылы 25-февралда Түркстанда төрөлгөн. Ал төрөлгөндөн көп өтпөй анын үй-бүлөсү Алматы шаарына көчүп келишкен. Ырчынын ата-энеси дагы музыкага жакын адамдар болгон. Кайраттын атасы жаш кезинде ырдап сахнага чыгып жүргөн, бирок ырчылык кесипти тандаган эмес.

Чыгармачылыгы
Ырчы мырзанын атактуулукка жетишине апасынын дагы салыма чоң экени айтылат. Чыгармачылыкка аралашып баштаганда апасы Гүлзира Айдарбекова өзү продюсер болуп, шоу-бизнес дүйнөсүндө өз ордун табууга жардам берген. Кайрат 10 жышынан баштап ырдап, анын өзгөчө үнү жана жагымдуу тембри жаш аткаруучунун тез эле атактуу болуусуна шарт түзгөн.
Мектепти аяктагандан кийин жаш жигит Жусупбек Элебеков атындагы эстрадалык-музыкалык окуу жайга тапшырып, андан соң Казак мамлекеттик искусство академиясында билим алган.
Кайрат Нуртас эң алгачкы жеке концертин 2008-жылы Алматы шаарында койгон. Анда концерттин башталышында эле эл залга толуп, концерт аншлаг менен өткөн. Ошондон бери Казакстандын белгилүү ырчысы ар бир туулган күнүндө жеке концерт берүүнү салтка айландырган.

Жеке жашоосу
Кайрат Нуртас жеке жашоосун коомчулукка көп жарыялабайт. Мындан тышкары ал көп жылдар бою жубайы, уул-кыздары бар экенин жашырып келген. Ырчы мырза 2018-жылы гана жубайы Жылдыз Абдукаримованы жана 2 уул, 2 кызын ачыкка чыгарган.
Учурда жубайлар беш баланы тарбиялап келишет. Алардын эң кенже кызы жакында гана жарык дүйнөгө келип, ага Рабия Султаным деген ысым ыйгарышкан.


Ырчы тууралуу кызыктуу фактылар
- Кайрат Нуртас 10 жашында алгачкы жолу сахнага чыккан. 2005-жылы эстрада-цирк колледжине тапшырып, чыгармачылыгын олуттуу баштаган.
- Ал 2014-жылы Forbes-Казакстан журналынын рейтингинде "Топ 25 казак шоу бизнеси жана спорту" тизмесинде 2-орунду алган.
- Анын өзүнүн "Kairat Nurtas Production" аттуу продюсердик борбору бар, аны апасы Гульзира Айдарбекова жетектейт.
- Ырчы мырза 2015-жылы "Нур Отан" (азыркы Аманат) партиясына мүчө болгон.
- "Өкүнүч" аттуу тасмада башкы каармандын ролун атканган. Анда өзүнүн жашоосу баяндалган.
- Айрым маалыматтар боюнча, Кайрат Нуртастын кирешеси 2020-жылы 2,5 миллион долларды түзгөн. Учурда бул тууралуу ачык маалымат жок.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















