Санариптик трансформация: Министрлик жыл жыйынтыгын чыгарды
Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинде 2025-жылдын ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары боюнча коллегиялык жыйын болуп өттү. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.
Маалыматка ылайык, отурумдун жүрүшүндө санариптик өнүктүрүү министри санариптештирүү тармагындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруунун негизги жыйынтыктары тууралуу кеңири баяндама жасады. Министрдин орун басарлары да өздөрүнө караштуу багыттар боюнча аткарылган иштер тууралуу отчёт беришти.
2025-жылдын эң маанилүү окуясы катары 31-июлда Санариптик кодекске кол коюлушу белгиленди. Бул документ өлкөнүн санариптик чөйрөсү үчүн системалуу укуктук негиз түзгөн алгачкы комплекстүү кодекс болуп калды.
Коллегияда жасалма интеллектти колдонуу эрежелери бекитилгени, тобокелдиктерди баалоо ыкмалары аныкталганы жана координациялоочу орган белгиленгени айтылды. Жаңы жөнгө салуу механизмдери санариптик идентификация, чоң маалыматтар (Big Data), жарандардын санариптик укуктарын коргоо жана инновациялык долбоорлор үчүн жөнгө салуучу "кум кутуларын" (регулятивдик песочница) ишке киргизүү багыттарын камтыйт.
Жыйындын жыйынтыгында 2026-жылга карата санариптик трансформацияны ылдамдатуу, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү толук электрондоштуруу жана маалыматтык коопсуздукту чыңдоо боюнча милдеттер белгиленди.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















