super.kg logo

Иран парламентинин төрагасы Марлен Маматалиевди куттуктады

 

Иран парламентинин төрагасы
Мохаммад-Багер Галибаф Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиевди кызматка шайланышы менен куттуктады. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолдонгон телеграммада бул чечим Кыргызстандын эл өкүлдөрүнүн Марлен Маматалиевдин кесипкөйлүгүнө жана бай тажрыйбасына көрсөткөн ишениминин айкын далили экени белгиленген.

Ошондой эле Ирандын Ислам Кеңешинин Межлиси Жогорку Кеңеш менен кызматташтыкка өзгөчө маани берерин билдирип, парламенттер аралык алакаларды кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдирген. Анын ичинде депутаттык достук топторунун диалогун жандандыруу жана расмий делегациялардын өз ара иш сапарларын уюштуруу маселелерине көңүл бурулары айтылган.

Мындан сырткары эл аралык аянтчалардагы кызматташтыкты өнүктүрүү жана эки тараптуу байланыштарды тереңдетүү мамлекеттер ортосундагы өнөктөштүктү бекемдөөгө өбөлгө түзөрүнө ишеним артылган.

Ошону менен катар Мохаммад-Багер Галибаф Марлен Маматалиевди жана жалпы кыргыз элин ыйык Орозо айынын башталышы менен да куттуктады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: