Жээнбек Кулубаев Лондондо: Кыргыз-Британ ишкердик кызматташуусу жаңы баскычка өтүүдө
Бүгүн, 25-февралда Лондон шаарында Тышкы иштер министр Жээнбек Кулубаев Кыргыз-Британ ишкердик кеңешинин кезектеги жыйынына катышты. Жыйынга мамлекеттик органдардын, финансылык институттардын жана ири эл аралык компаниялардын өкүлдөрү чогулду. Алардын катарында Европа реконструкция жана өнүгүү банкы да болду.
ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришкендей, министр өз сөзүндө өлкөнүн акыркы жылдардагы туруктуу экономикалык өсүшүн белгилеп, 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча ИДП 11,1 пайыз өскөнүн айтты. Бул көрсөткүч түзүмдүк реформалар, экономиканы модернизациялоо, инвестициялык климатты жакшыртуу жана ири инфраструктуралык долбоорлордун ишке ашырылышы менен байланыштуу экени баса белгиленди.
Кыргыз тарап Улуу Британия менен өнөктөштүктү кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдирип, төмөнкү тармактарды артыкчылыктуу багыт катары сунуштады:
• энергетика
• транспорт жана логистика
• маалыматтык технологиялар
• айыл чарба
• туризм (заманбап тоо-курорттук комплекстерди куруу)
Британ компаниялары Кыргызстандын экономикалык потенциалын жогору баалап, өлкөнү ишенимдүү жана келечектүү инвестициялык багыт катары сунуштоого даяр экенин билдиришти.
Жыйын эки тараптуу кызматташууну тереңдетүүгө жана жаңы инвесторлорду тартууга багытталган маанилүү аянтча болду.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:57
2026-02-25
16:25
2026-02-25
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















