super.kg logo

Ошто 4600дөн ашуун окуучу билим алган мектеп жаңыланды

 

Ош шаарындагы А. Масалиев (Н. Нариманов) атындагы №7 жалпы билим берүү мекемеси капиталдык оңдоодон кийин салтанаттуу түрдө пайдаланууга берилди. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарага мэр Жанарбек Акаев, тиешелүү жетекчилер, мугалимдер жана коомчулук өкүлдөрү катышты.

Салтанаттын алкагында мектептин алдына мамлекеттик жана коомдук ишмер Абсамат Масалиевдин эстелиги орнотулду. Ошондой эле билим берүү мекемесинин фасады, терезелери жана эшиктери толугу менен жаңыланып, имарат заманбап талаптарга ылайык оңдолду.

2025–2026-окуу жылында мектепте 134 класс-комплект ачылып, учурда 4615 окуучу билим алууда. Кыска мөөнөттө жүргүзүлгөн оңдоо иштери материалдык-техникалык базаны чыңдап, окуучулар үчүн коопсуз, жылуу жана ыңгайлуу шарттарды түздү.

Оңдоп-түзөө иштери республикалык бюджеттин эсебинен каржыланды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: