Улуттук онкология жана гематология борборунун базасында жаңы борбор түзүлөт
Бүгүн, 25-февралда Саламаттык сактоо министрлигинде ядролук медицинаны өнүктүрүү маселелери боюнча жумушчу жолугушуу өттү. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жолугушууга саламаттык сактоо министринин орун басары Бакытбек Кадыралиев, Росатом мамлекеттик корпорациясынын өкүлдөрү жана Улуттук онкология жана гематология борборунун адистери катышты.
Тараптар Улуттук онкология жана гематология борборунун базасында Ядролук медицина борборун түзүү боюнча мамлекеттик долбоордун учурдагы абалын талкуулап, аны ыкчам ишке ашыруу боюнча кийинки кадамдарды пландашты.
Долбоордун алкагында борбордо өзүнүн циклотрон-радиофармацевтикалык өндүрүшү түзүлөт. Анын негизги максаты — заманбап радиофармацевтикалык препараттарды жана жогорку технологиялуу ыкмаларды колдонуу аркылуу жүрөк-кан тамыр, онкологиялык жана неврологиялык ооруларды өз убагында аныктоо жана дарылоо мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү.
Бул демилге өлкөдө жогорку технологиялуу медициналык кызмат көрсөтүүнүн деңгээлин жогорулатууга багытталган.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















