Жээнбек Кулубаев ЕРӨБдүн вице-президенти менен Лондондо жолугушту
Бүгүн, 25-февралда Лондон шаарында ТИМ башчысы Жээнбек Кулубаев Европа реконструкция жана өнүгүү банкынын вице-президенти Маттео Патроне менен жолугушуу өткөрдү.
ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришкендей, жолугушууга ошондой эле Улуттук банктын төрагасы, финансы министринин орун басары жана экономика жана коммерция министринин орун басары катышкан.
Тараптар инфраструктураны модернизациялоо, экономиканын туруктуулугун арттыруу жана калктын жашоо сапатын жакшыртуу багытындагы биргелешкен долбоорлорду талкуулашты. Айрыкча сууну камсыздоо системаларын калыбына келтирүү, транспорттук-логистикалык инфраструктураны өнүктүрүү жана гидроэлектростанцияларды куруу маселелерине басым жасалды.
Маттео Патроне Кыргызстандын экономикасындагы оң динамиканы белгилеп, Европа реконструкция жана өнүгүү банкы белгиленген долбоорлорду ишке ашырууда өнөктөштүктү кеңейтүүгө даяр экенин билдирди.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кызматташууну тереңдетүүгө өз ара кызыкдар экенин тастыктап, Кыргыз Республикасы менен ЕРӨБдүн ортосундагы долбоорлор ийгиликтүү ишке ашарына ишеним билдиришти.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















