super.kg logo

АКШ Кубага венесуэлалык мунайды жеткирүүгө шарт түздү

 

АКШнын Каржы министрлигине караштуу Чет өлкөлүк активдерди көзөмөлдөө башкармалыгы - OFAC — венесуэлалык мунайды Кубага кайра сатууга уруксат берүү боюнча айрым лицензиялык өтүнмөлөргө оң мамиле жасай турганын билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Мекеменин расмий сайтындагы суроо-жооп бөлүмүндө бул чечим "АКШнын куба элине болгон колдоосу жана тилектештиги" менен түшүндүрүлгөн. Белгиленгендей, сөз коммерциялык жана гуманитардык максатта колдонулуучу мунай жеткирүүлөр тууралуу болуп жатат.

Ошол эле учурда башкармалык Кубанын куралдуу күчтөрү, атайын кызматтары же башка мамлекеттик түзүмдөрү менен байланышкан жеке же юридикалык жактардын катышуусундагы операциялар бул жеңилдетилген лицензиялык саясатка кирбей турганын тактады.

Буга чейин АКШнын президенти Дональд Трамп Кубага мунай саткан же жеткирген өлкөлөрдөн келген товарларга импорттук алым киргизүү мүмкүнчүлүгүн караган жарлыкка кол койгон.

Ал эми Орусиянын Гавана шаарындагы элчиси Виктор Коронелли РИА Новости агенттигине берген маегинде Венесуэладан мунай жеткирүү токтогондон кийин аралдагы көп жылдан берки күйүүчү май тартыштыгы ого бетер күчөгөнүн белгилеген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: