super.kg logo

United World Wrestling: Кыргыз балбандары Албаниядагы турнирде финалга чыкты

 

Албанияда спорттук күрөш боюнча рейтингдик турнир башталды. Бул тууралуу United World Wrestling (UWW) расмий сайтына жарыялады.

Мелдеште кыргызстандык балбандар Орозобек Токтомамбетов (74 килограммга чейин) жана Эрназар Акматалиев (70 килограммга чейин) финалга жолдомо алышты.

Орозобек Токтомамбетов жарым финалда грузиялык атаандашын жеңип, финалга чыкты. Буга чейин ал Азербайжан жана АКШ өкүлдөрүн уткан. Ал эми алтын медаль үчүн кармашта ирандык балбан менен беттешет.

Эрназар Акматалиев болсо жарым финалда казакстандык спортчуну жеңди. Ал ага чейин Орусия жана Молдованын өкүлдөрүн артта калтырган. Финалда ал америкалык балбан менен күч сынашат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: