super.kg logo
  Спорт  

Балбан Залкарбек Табалдиев эл аралык турнирде коло медаль утту

 
Кыргызстандын эркин күрөш боюнча балбаны Залкарбек Табалдиев Албаниянын Тирана шаарында өтүп жаткан "MUHAMET MALO-2026" эл аралык рейтингдик турниринде коло медаль тагынды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттиги кабарлады.
Спортчу 70 килограммга чейинки салмак чен бирдигинде мелдешти 1/8 финалдан баштады.
Биринчи беттеште ал чүчү кулактын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын дагы бир өкүлү Рустам Кахаровго кез келип, аны 12:1 эсебинде жеңип алды. Чейрек финалда Калоян Атанасов аттуу болгариялык балбанды 14:3 ири эсепте жеңип, жарым финалга чыкты. Жарым финалда балбан 0:10 эсебинде Алек Вилльям Понталеого утулуп калды.
Ал эми үчүнчү орун үчүн беттеште мексикалык Аустин Кли Гомез аттуу каршылашы жаракат алганына байланыштуу коло медаль кыргызстандык балбанга ыйгарылды.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: