super.kg logo

Куудул Нурлан Сабуров Орусияга кирүүгө тыюу салынгандан кийин алгачкы концертин берди

 

Белгилүү куудул Нурлан Сабуров Орусияга кирүүгө тыюу салынгандан кийин алгачкы концертин Таиландда өткөрдү. Иш-чара Пхукет аралында болуп өттү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Концерт учурунда Сабуров Орусияга кирүүгө салынган чектөө тууралуу ирониялык тамашаларды айтты. Анын сөзүнө караганда, айрым көрүүчүлөр концертке эмес, "кылмышкерди көргөнү" келгендей сезилген. Ошондой эле ал: "Менимче, мындай тыюу Владимир Зеленскийде деле жок болушу мүмкүн. 50 жыл! Мен эмне, Дракулабы?",- деп тамашалаган.

Мындан тышкары, комик эми анын стендап программалары "ушунчалык патриоттук болорун" кошумчалаган.

Учурда Нурлан Сабуров чет өлкөлөрдө гастролдук программасын улантууда. Анын Орусияга кирүүсүнө байланыштуу чектөө коомчулукта талкуу жаратып, социалдык тармактарда ар кандай пикирлер айтылууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: