Орозобек Токтомамбетов эл аралык турнирде күмүш байге утту
Орозобек Токтомамбетов 74 килограммга чейинки салмак категориясында эркин күрөш боюнча "MUHAMET MALO-2026" эл аралык рейтингдик турниринде күмүш медаль жеңип алды.Кыргыз балбаны Албанияда өтүп жаткан мелдешти 1/8 финалдан баштап, анда азербайжандык Канан Хейбатовду 3:1 эсебинде, чейрек финалда америкалык Куинси Мондейди 5:1 эсебинде утту. Ал эми жарым финалда Грузиянын өкүлү Георгий Элбакидзе менен кармашып, 2:0 эсебинде үстөмдүк кылды.
Чечүүчү беттеште, тилекке каршы, белгилүү ирандык балбан Йонес Алиакбар Эмамиге 0:5 эсебинде утулуп калды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















