Кыргызстан Украинадагы тынчтык боюнча БУУдагы резолюцияга добуш берүүдө калыс калды

Украина аймагындагы согуш аракеттери башталганына төрт жыл толгон күнү Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясы тынчтыкты колдогон резолюция кабыл алды. Бул тууралуу уюмдун расмий сайтында маалымдалды.
Маалыматка ылайык, документти 107 мамлекет колдоп добуш берди, 12 өлкө каршы болду, ал эми 51 мамлекет, анын ичинде Кыргызстан, АКШ жана Кытай добуш берүүдөн карманды.
Резолюцияда Украинанын көз карандысыздыгын, эгемендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн колдоо көрсөтүлөрү белгиленген. АКШ долбоордон ушул жоболорго жана БУУнун уставына байланыштуу эки абзацты алып салууну сунуштаган. Бирок өлкөлөр бул сунуш боюнча өзүнчө добуш берүүдөн баш тартып, документ баштапкы редакциясында кабыл алынды.

Резолюцияны Европа өлкөлөрүнүн көпчүлүгү, ошондой эле Канада, Япония, Австралия, Түштүк Корея, Латын Америкасы жана Африка мамлекеттери колдоду. Каршы добуш бергендердин катарында Орусия Беларусь, Сирия, Түндүк Корея, Эритрея жана Иран бар. Добуш берүүдөн карманган өлкөлөрдүн арасында Кыргызстан менен бирге Кытай, Индия, Пакистан, Сауд Арабиясы, Оман, Катар, Сингапур жана Словакия да болду.
Документте согуш аракеттерин токтотуу, жаңжалды тынч жол менен жөнгө салуу жана эл аралык укуктун нормаларын сактоо зарылдыгы баса белгиленген.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















