super.kg logo

АКШ санкциялык тизмеге өзбекстандык жана орусиялык жарандарды кошту

 

Кошмо Штаттар төрт адамды жана үч компанияны санкциялык тизмеге кошту. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Шектүүлөр программалык камсыздоодогу аярлуу жерлерди аныктап, аларды хакердик максатта сатуу менен алектенген деп айтылууда. Санкциялык тизмеге Өзбекстандын жараны Азизжон Мамашаев, анын компаниясы Advance Security Solutions, Орусиядагы "Матрица" жана БАЭдеги Special Technology Services фирмасы кирди.

Санкт-Петербургда жайгашкан "Матрикс" компаниясынын жетекчиси Сергей Зеленюк жана анын кызматташтары Олег Кучеров менен Марина Васанович дагы тизмеге кошулду. The Insider басылмасы маалымдагандай, компания Telegram'дагы аярлуу маалымат үчүн сыйлык жарыялаган жана 4 миллион долларга чейин төлөөгө даяр болгон.

Улуу Британия жана Канада да санкциялык тизмелерди кеңейтти. Жаңы чектөөлөргө тогуз орусиялык банк, "Росатомдун" үч түзүмү, "Транснефть" жана суюлтулган газ өндүргөн ишканалар киргизилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: