Балиде суу ташкынынан улам көчөлөрдө жыландар пайда болууда (видео)
Индонезиянын Бали аралында нөшөрлөп жааган жамгыр суу ташкындарын жаратууда. Мындан улам көчөлөрдө жыландар кезигип жатканы айтылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып, видеолорун бөлүшүүдө.
Маалыматка ылайык, Бали жаратылыш ресурстарын коргоо башкармалыгы аталган аралга келген туристтерге суу каптаган аймактарда этият болууну эскертишкен.
"Катуу суу ташкындары учурунда көчөлөрдө, турак жайларда жыландар, питондор пайда болушу мүмкүн. Себеби, алардын табигый жашоо жерлери дарыялардын нугу, күрүч талаалары. Суу каптоо болгондо жаныбарлар кургак жерлерден башпаанек издешет",- деп билдирген аталган башкармалык.
Ал эми жергиликтүү бийлик Бали аралындагы үч күн бою тынымсыз жааган жамгырдан кийин Денпасар жана Бадунг туристтик аймактарында эң катуу суу тышкындары болуп жатканын кабарлаган.
Балиде суу ташкынынан улам көчөлөрдө питондор пайда болууда
Балиде суу ташкынынан улам көчөлөрдө питондор пайда болууда
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















